Сурабалдиева: «9 жаштагы кыз менен 11 жаштагы баланы зордуктоо фактылары боюнча иш токтоп турат»

«9 жаштагы кыз менен 11 жаштагы баланы зордуктоо фактылары боюнча иштер жылбай жатат». Бул тууралуу 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди. 

«Сокулук районунда 2 чоң ызы-чуу болуп жатат. 9 жаштагы кыз менен 11 жаштагы баланы зордуктоо фактылары. Же жыйынтык жок, же иш кылынбайт. Милиция кызматкерлерине ошол балдарыбыздын келечеги боюнча психологиялык абалына курстар керек. 11 жаштагы баланы 2 эркек зордуктап кетет. 2 жылдан бери жыйынтык жок. Прокуратура каяакты карап жатат? 80деги ата-энеси бар экен, коргой турган адамы жок экен», — деди ал.