Сурабалдиева: «Айрым ооруканаларда жылытуу да, ысык суусу да жок»

Өлкөдөгү мектептер, жогорку окуу жайлар жана бала бакчалар кадимки режимдеги ишине кайтууда. Андыктан тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева республикалык штабдын жыйынында билдирди. «Окуучулар жана студенттер беткап кийүү, колду тез-тезден жууп туруу жана социалдык обочолонуу сыяктуу бекитилген санитардык эрежелерди аткарышы керек. Мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар аталган талаптардын аткарылышын камсыздоосу тийиш», — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер ошондой эле медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. «Айрым медициналык мекемелердин короосунда жарыктандыруу жок, жолдор тайгак, имараттарында суук, ысык суусу каралган эмес, жабдуулар эскирген. Ар бир медициналык мекемеде элементардык гигиеналык процедураларды жүргүзүү шарттары каралышы тийиш, ооруканага алып баруучу жолдор тазаланып турушу кажет. Дарылоо мекемелерин генераторлор менен камсыздап, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына кандай деңгээлде жооп берүүсү текшерилиши керек», — деди Сурабалдиева.