«Суу кар жаап, жолдор тайгалак болот». Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бул күндөрү өлкөнүн кээ бир аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаайт, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

26-27-ноябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 градус суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу болот.

27-28-ноябрларда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.