Жума, 29.08.2025
Бишкек booked.net
+15...+37° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Суучул: «Балдардын өлүгүн таап, суу астында ыйлаган күндөрүм болду»

16:08 16.11.2022
0
Суучул: «Балдардын өлүгүн таап, суу астында ыйлаган күндөрүм болду»

ӨКМге караштуу Терең суу шайма-шай бекетинин суучулу Искендер Рысалинов кесиби тууралуу кеңири маек куруп берди.

Суучул – жайдыр-кыштыр суу астында техникалык жана издөө иштерин аткарган, 12 метрден ылдыйкы тереңдикке кирүүгө уруксаты бар адам. Өлкөбүздө суучулдарды шар аккан сууларга издөөгө да киргизишет. Дүйнөлүк эрежеге таянсак, агымы шар сууга кирүүгө болбойт.

“2-3 жыл мурда Аламүдүн капчыгайындагы шар суунун жээгинде селфи жасап жатып, агып кеткен кызды издедик. Аны издеп таштан-ташка тийип, суунун шары менен кошо актык. Арасында мен да бар элем. Мындай окуялар көп эле кездешет. Ал эми Нарын суусу секундасына 10 метр ылдамдыкта агып, кайыкты 3-4 жолу аласалдырып жиберүүгө күчү жетет. Элестетиңиз, мындай сууга кирген суучулдун өмүрү кылдын учунда экенин”, — деп кебин баштады ал.

Анын айтымында, суучулдун өмүрүндө аркан менен аскадан сууга түшкөн көз ирмемдер көп кездешет. «Жардын, асканын башынан шар аккан сууга түшүп жатканда арканың кыпчылып, бир нече убакыт асылып да каласың. Ошондо өмүрдүн таттуулугу, баркы сезилет. Эгерде суучул шар аккан сууда издөө ишинде каза болуп калса, өзү күнөөлүү деп табылат. Анткени эрежеге ылайык, суунун агуу ылдамдыгы секундасына 2 метр болсо, сууга кирүүгө болбостугу ачык жана так жазылган. Айла жок, жардамга муктаж болуп, каржалып турган ата-энесин, туугандарын түшүнбөй койбойсуң. Анан кыштын кыраан чилдесинде агын сууга киребиз. А жакын адамын издегендер ызага муунуп, ичтери ачышып “издегенди билбейсиң, өзүм издейм”, деп ачуу сөздөрдү айтып, шар аккан сууга кирүүгө, ажалга моюн сунууга даяр абалда турушат. Мусулманчылыкта адамдын жүзү жок, жаназасы окулбайт эмеспи. Адамдын сөөгүн таап бергендин өзү соопчулук экен. Анткени, анын жерге берилип жатканына себепкербиз», — деди ал.

Ал суудан баланын сөөгүн таап, аны алып чыгуу оор экенин айтат. «Мен үчүн суудан баланын сөөгүн табуу, аны алып чыгуу өтө оор. Элестетиңиз, жээкте баланын ата-энеси, жакын туугандары күтүп турат. Алардын ошол учурдагы абалы көз алдыңда. Баланын сөөгүн тапканыбызда жээкке алып чыга албай, суу астында ыйлаган күндөрүм болду. Анткени мен да атамын. Кырсык, өлүм кары-жашка карабайт экен. Өзгөчө жайкысын бирин-бири куткарам деп кучакташкан бойдон чөгүп кеткен балдар, өспүрүмдөр көп кездешет. Урматтуу ата-энелер, балдарды сууда сүзүүгө үйрөтүңүздөр дегим келет», — деди суучул.

Ал суу түбүнөн адамдын жансыз денесин издеп жатканда кээде чочконун, кээде койдун өлүгү бутуна илинерин айтты.

«Бир жолу беш жашар кыздын сөөгүн издеп, Чоң Чүй Каналына кирдик. Суу түбүнөн баланын денеси сыяктуу жумшак бир нерсе бутума илинди. Келме келтирип, алып чыксам уйдун башы экен. Адамзаттын жаратылышка, сууга орой мамиле жасаганын көрүп, жүрөгүң ооруйт. “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор” деген саптарды эч эсибизден чыгарбайлы! 

Өзгөчө Чоң Чүй каналынын жээгиндеги үйлөрдүн жашоочулары курулуш жана башка таштандыларын, тамак-аш калдыктарын мүшөктөргө салып ыргытып жиберишет. Кээде малдын териси, кой, чочконун өлүгү да бутуңа илинет. Ал тургай, эти  шылынган малдын сөөгүн унаа менен каналдын суусуна төгүп салышканын көрдүм. Дал ушундай таштандыларды көрбөгөн шаар тургундары жайкысын ЧЧКга түшүп, эс алышат. Мындай таштандыга толгон сууга түшүү адамдын ден соолугуна зыянын тийгизбейт деп ким кепилдик бере алат. Айтайын дегеним, көп учурда таштанды топтолгон жерге адамдын сөөгү кептелип, үйүлгөн таштандынын астынан алып чыккан күнүбүз болду», — дейт Рысалинов.   

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

29-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:46 28.08.2025
0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 29-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Аба ырайынын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн: +11…+16°Скүндүз: +32…+37°С Талас облусутүнкүсүн: +9…+14°Скүндүз: +29…+34°С Баткен...

Камчыбек Ташиев классташына жаңы үй куруп берди (видео)

Камчыбек Ташиев классташына жаңы үй куруп берди (видео)

Автор Эдита Ильясова
17:24 28.08.2025
0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев классташы Абдукарим Пулатовго жаңы үй куруп берди. https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/08/aqpzyg9vesg7bzlt3filakzp19ug5j17cuausl7jiqk8gqhucz0wu9hrirj7sxljmuivxui-4p6ysp-jtra8yxpfg8gyoizsehqfju0lyq_zka.mp4

Орусиянын Альпинизм федерациясы Наговицынага Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салынганын билдирди

Орусиянын Альпинизм федерациясы Наговицынага Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салынганын билдирди

Автор Эдита Ильясова
17:05 28.08.2025
0

Орусиялык альпинист Наталья Наговицынанын машыгуу деңгээли жетишсиз болгондугу үчүн үч гид Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салган. Бул тууралуу Орусиянын Альпинизм...

Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт болот

Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт болот

Автор Эдита Ильясова
16:32 28.08.2025
0

Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иш-чара саат 18:00дө "Ала-Тоо" аянтында башталат. Сахнага Иса...

Садыр Жапаров электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты

«Ажылдап көрүнгөн жерден «токтот» деп кыйкырбагыла». Садыр Жапаров жүргүнчүлөргө кайрылды

Автор Эдита Ильясова
15:51 28.08.2025
1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты. Ал шаар тургундарына кайрылды....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Маңырайып 5 мүнөт турасыңар». Президент автобустун айдоочуларына кайрылды

"Маңырайып 5 мүнөт турасыңар". Президент автобустун айдоочуларына кайрылды

14:14 28.08.2025
«Бир нерсени бурайын дегенде ток келип калыптыр». Руслан Курманалиевди кесиптештери эскерди

"Бир нерсени бурайын дегенде ток келип калыптыр". Руслан Курманалиевди кесиптештери эскерди

10:49 28.08.2025
«Акыркы күндөрү башкача болуп калган дешти». Руслан Курманалиевди жакындары эскерет

"Акыркы күндөрү башкача болуп калган дешти". Руслан Курманалиевди жакындары эскерет

12:58 28.08.2025
Садыр Жапаров электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты

"Ажылдап көрүнгөн жерден "токтот" деп кыйкырбагыла". Садыр Жапаров жүргүнчүлөргө кайрылды

1
29-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:46 28.08.2025
Камчыбек Ташиев классташына жаңы үй куруп берди (видео)

Камчыбек Ташиев классташына жаңы үй куруп берди (видео)

17:24 28.08.2025
Орусиянын Альпинизм федерациясы Наговицынага Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салынганын билдирди

Орусиянын Альпинизм федерациясы Наговицынага Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салынганын билдирди

17:05 28.08.2025

АРХИВ

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү