Таң атпай мектепке тоңуп келген окуучулар “бүгүн онлайн экен” деп кайра тоңуп баратышат. Бул тууралуу соцтармак колдонуучусу Тынчтык Алтымышев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Министрлик эмне нымтырайт? Кечээ эле жарыялап, мугалимдерге эскертип, группаларга таратып койсо болот эле да», — деп жазды ал.
Бул боюнча редакция Билим берүү министрлигине кайрылганыбызда, Бишкекте маалымат жыйын өтөрүн айтышып, жооп ошол жерде айтыларын билдиришти.