Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну 2004-жылы туулган Ирисалиева Айнура Руслановна 9-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Учурда Айнура Ирисалиеванын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ак түстөгү жоолук, кара түстөгү узун плащ, сары түстөгү узун көйнөк, кара түстөгү галош болгон.
Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03722) 7 39 90, 0553 78 00 78, 0771 93 60 70 номурларына чалсаңыздар болот.