Сузакта 23 жаштагы кыз «тишимди дарылатып келем» деп кеткен бойдон дайынсыз болууда

Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 2000-жылы туулган Розахан Розибаева 18-май күнү саат 10:00 чамасында “тишимди дарылатып келем” деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 155-160 сантиметр, өңү сары жүздүү, кашы, көзү, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк (хиджап), бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Көргөн-билгендер болсо, 102, (03748) 5 02 09, 0706 23 85 23, 0558 16 16 91 номурларына чалсаңар болот.