Бүгүн, 8-майда Сузак районунун борбордук аянтында Улуу жеңиштин 80 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, Улуу Ата Мекендик согуштун Сузак районундагы жалгыз ардагери, 99 жаштагы Мамасалы Жумаев катышты.
Жергиликтүү бийлик тарабынан ардагер Мамасалы Жумаевге унаа белекке берилди. Мындан тышкары, райондогу мекеме-ишканалардын жамааты «Өлбөс полк» жүрүшүнөн өтүштү.