Сузакта жоголуп жаткан кыз ички органдары жок табылып, окуучулар жоголо баштадыбы? Милиция жарандарга кайрылды

25-ноябрь күнү WhatsApp мессенжеринде Сузакта дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы кыздын ички органдары жок табылгандыгы, Сузак районундагы мектептерден окуучу балдар жоголуп жаткандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар таратылган. Бул үн жазуулар жалган жана аты аталган мектептерде окуучулар жоголгон эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

«Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы облус тургундарын такталбаган маалыматтарды бөлүшпөөгө жана таратпоого чакырат. Жалган маалымат тараткандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Мыйзамдарды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпойт», — деп айтылат маалыматта.

18-ноябрдан бери Сузак айылынын тургуну 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болууда. 22-ноябрда кызды издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылганы маалымдалган.