Сузакта дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Малаасман-оглы Али табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 13-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 2022-жылдын 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.
Кайдыгер эмес жарандар тарабынан баланын болжолдуу даректери милицияга берилген. Али Сузак районунун Октябрь айылында жүргөн жеринен табылып, жакындарына өткөрүп берилген.