Баатыр эне «Алийма Ташиева» атындагы Эне жана Баланы коргоо борборундагы төрөт үйүндө алгачкы наристелер дүйнөгө келди. Биринчи төрөлгөн наристе Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургундары Рустамовдордун үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулады. Ата-энеси наристеге генерал Камчыбек Ташиевдей уул болсун деген аруу тилек менен Камчыбек деп ысым ыйгарышканын билдиришти.
Ал эми экинчи төрөлгөн наристе Сузак районунун Көк-Арт айылынын тургундары Айтбаевдердин үй-бүлөсүнөн болуп, ага Камчыбек Кыдыршаевичтин урматына Кыдырша деп ысым ыйгарышканын маалымдашты.
Дарыгерлер эки наристенин да, алардын энелеринин да саламаттыгы жакшы экенидигин билдиришти. Эне-балдар адистердин көзөмөлүндө.