Сүйлөп жатып, көзүнө жаш алган, залдагылар кол чапкан Баткенден курултайга келген тургун чек арада уулун жоготкон

Кечээ, 25-ноябрда Элдик курултайда Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Жалил Каработоев аталган аймактын бир топ көйгөлөрүнө токтолуп, сүйлөп жатып, көзүнө жаш алган, анын сөзүнүн аягында залдагылар кол чапкан.

Бүгүн, 26-ноябрда Элдик курултайдын катышуучуларынын бири сөз сүйлөөгө чыгып, жогорудагы адамдын чек арада уулу каза болгонун айтты. Бул учурда Жалил Каработоев көзүнө дагы жаш алды.