Бишкектеги №2 шаардык төрөт үйүндө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
15-мартта №2 клиникалык төрөт үйүндө Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 36 жумалыгында кесарево жолу менен 2 уул. 1 кыз төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү.
Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө..