Сүйүнчү! Бишкекте 35 жаштагы аял 3 эм төрөлдү

Бишкектеги №2 шаардык төрөт үйүндө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

15-мартта №2 клиникалык төрөт үйүндө Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 36 жумалыгында кесарево жолу менен 2 уул. 1 кыз төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү.

Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө..