Бишкектин 33 жаштагы тургуну үч эм төрөдү. Ымыркайлардын бири кыз, экөө уул балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында кесарево жолу менен төрөлгөн. Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу.