Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
«Мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган. Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Жапаров администрациясынын кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген», — деп жазды ал.