Тай-Мурас Ташиев 600дөй аялга майрамдык маанай тартуулады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 600 баатыр энени сыйлады.

30 жылдан бери Ташиевдердин үй-бүлөсүндө салтка айланган “Баатыр энелерди сыйлоо” салтанаты бул жылы да унутта калган жок. Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан 600 баатыр эне чакырылып, майрамдык маанай тартууланды. Бейиши таманында катылган энелерге адаттагыдай ак жоолук салынып, белектер берилди. Маданият өкүлдөрү апаларга арнап жагымдуу ырларын арнады. Тай-Мурас Ташиев майрам ээлерин куттуктап, бул саамалык мындан ары да улантыларын белгиледи.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул саамалыкты 30 жылдан бери өткөрүп келет. Ал 2 жыл мурун “Баатыр энелерди сыйлоо” иш-чарасын уулдарына өткөрүп берген болчу.