Тайлаков: «Бүгүн заводдор ири соода түйүндөрүнө кумшекер жеткирет. 67 сомдон бир килограмм кант алууга болот»

«Бүгүн заводдор ири соода түйүндөрүнө кумшекер жеткирет, килограммы 67 сомдон». Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Кеңеш Тайлаков соцтармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу керектөөчүлөр, көп ажиотажга алдырбагыла. Кант заводдорунун жана ири соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен буга чейин түзүлгөн макулдашуунун талаптарына ылайык сүйлөштүк. Кечээ, 13-мартта  заводдо дем алыш күн болгонуна байланыштуу бүгүн бардык соода түйүндөрүн жетиштүү көлөмдө кумшекер менен камсыз кылышат. Сиздер 1 килограммын 67 сомдон, андан ашканын коммерциялык баада ала аласыздар. Андан сырткары Матрезервдин кампасындагы кумшекерге жана өсүмдүк майына бүгүн бааларды негиздүү кылып аныктап беребиз. Алар да иш алып барышат, ошондуктан кээ бир туура эмес маалыматтардан оолак болуңуздар. Бүгүн кумшекер, ун заводдорунун көлөмүн да жеринен карайбыз. Кечээ соода түйүндөрүн да карап чыктык, ажиотаж кылууга жана тартыштыкка негиз жок», — деп жазган Кеңеш Тайлаков.