Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан менен болгон чек ара маселелерин тез аранын ичинде чечилишин колдой турганын билдирип, Исфаранын тургундарын сабырдуу болууга, эмоцияга алдырбоого чакырды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу маалымдады.
Ал бүгүн, 17-апрерде Исфарага барып, кыргыз-тажик чек арасын такташууну башкы маселелердин бири экенин айтып, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү колдой турганнын билдирди. Рахмон тажик тарап 2022-жылдан бери комиссиясынын алкагында сүйлөшүү жүргүзүп келе жатканын, бул аралыкта 170тен ашуун жолугушуу өтүп, анда 987 чакырымга созулган чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4 пайызы такталып макулдашылганын айтты.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымын такталып бүткөнүн, бир топ тилкеде талаштуу жерлер калганын билдирген.