Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 10 миңдей үй жарыксыз калды

Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 10 миңдей үй жарыксыз калды. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 32 калктуу конуш (9609 үй) электр жарыгысыз калган, анын ичинен Баткен районунда 26, Лейлек районунда 6.

Оңдоо иштерине электриктер тартылды. Бирок кооптуу аймактарга кирүүгө азырынча мүмкүн эмес.