Тажик тараптын кол салуусу. Баткенде ооруканага 39 кош бойлуу келин кайрылган, анын 27си аман-эсен көз жарды

Чек арадагы окуялар учурунда Баткен облусундагы ооруканаларга 39 кош бойлуу аял кайрылган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова маалымат жыйынында билдирди. Алардын 27си аман-эсен көз жарган.

Анын айтымында, Баткен облусунда гемодиализге муктаж 35 адам бар. Алардын 11и Бишкекке жеткирилип, гемодиализ алына баштады. Баткенде 24 адам коопсуз жайда.