Тажикстандын кол салуусу. Миң-Булак айылынын тургуну мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жаран тууралуу айтып берди

Баткен районунун Миң-Булак айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран өтө мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, айылда 50гө жакын үй өрттөлгөн. «Тажик тарап бир кишини үйүндө жаткан жеринен башка атып кетишиптир. Бутун сындырып, мыкаачылык менен өлтүрүптүр. Бул бизди өкүндүрөт», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, жакын жерде жарылган снаряддын чачырандысынан дагы бир жергиликтүү тургун көзүнөн жаракат алган. Азыр ал Бишкекте дарыланып жатат. «Кечээ дагы бир айылдаштын сөөгү урандылардын астынан чыгарылып, жерге берилди. Эл тынчсызданып жатат», — деди тургун.