«Аткылагыла, артка жол жок!» Тажик тараптын кол салуусунда 31 жаштагы Кулатбек Абдисамат уулу көз жумду

Тажикстандын кол салуусунан 31 жаштагы Кулатбек Абдисамат уулунун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине досу билдирди.

Маркум 1991-жылы Баткен районунан караштуу Ак-Татыр айылында туулган. Ал 16-сентябрь күнү кызматын өтөп жатканда өлтүрүлгөн. Анын артында 3 уул, 2 кызы калды. Кулатбек Абдисамат уулу №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара тозотунун прапорщиги болгон. Ал дал ошол жерде 7 жыл кызмат кылган.

«Үч-Дөбөдө тажиктер менен кармашкан. 5 аскерге жоопкер болгон. 2 «Бөрү» кызматкери жарадар болуп, аларды башка жерге жылдырышкан. Үчөө тажиктер менен акырына чейин кармашкан. 16-сентябрь күнү түштөн кийин тажиктердин курчоосунда калып калган. Анын акыркы сөзү «мени тажиктер курчап алды, артка жол жок, мен турган жерди аткылагыла» деген», — деди досу.