Бүгүн, 14-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын артисттеринин катышуусунда “Достук кечеси” биргелешкен маданий программасы өтөт.
Иш-чара Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусунун жана Аралды сактоо эл аралык фондунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өтөт.
Аталган иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышат.