Тажикстан коопсуздук кызматы Кыргызстандын беш жаранын кармап кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү Тажикстан тарап мал базарга барган үч Кадамжай районунун, эки Баткен районунун тургундарын миграциялык мыйзамдарды бузушту деген доо менен камакка алып кетишкен.
Ал эми Баткен жана Кадамжай тургундарынын айтымында, кармалган жарандар Тажикстанга эмес, Лейлек районундагы мал базардан кайтып келе жатышкан.
Учурда бул окуя боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү үн ката элек.











