Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Чек ара кызматы: «Тажик аскерлери чек арага техника жана ок-дары ташып, жалданмаларды даярдоодо»

19:48 19.10.2022
0
Чек ара кызматы: «Тажик аскерлери чек арага техника жана ок-дары ташып, жалданмаларды даярдоодо»

Бүгүн, 19-октябрда Тажик УКМКсынын чек ара башкармалыгы кыргыз тарап чек арага чектеш аймактарда абалды курчуткан аракеттерге барууда деген билдирүүсүн таркатты. Анда Кыргыз Республикасынын айрым жарандарынын кырдаалды туруксуздаштырууга, ок атуу позицияларын даярдоого, окопторду түзүүгө, кошумча аскердик техниканы тартууну улантууга жана Тажикстандын аба мейкиндигин үзгүлтүксүз бузууга багытталган чагымчыл аракеттери болуп жатканы айтылган.  Маалым болгондой, 26-сентябрдан 15-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын учкучсуз учуучу аппараттары Согди облусунун Исфара шаарынын жана Гафуров районунун аймагынын үстүнөн Тажикстан Республикасынын аба мейкиндигин 13 жолу бузганы да айтылган.

Буга байланыштуу жогорудагы кыргыз тараптын дарегине айткан доону Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы таң калуу менен кабыл алганын билдиришти. Тажик тараптын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка эч кандай дал келбейт. Анан калса Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери атайылап маалыматы бурмалап, чек арага канатташ жашаган калк мыйзамсыз иш-аракеттерге баруусуна аракет кылышууда. Автотрал менен техниканын алынып өтүшү тартылган сүрөттөрдү жарыялоо буга мисал боло алат. Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин Согди облусу боюнча башкармалыгы бул сүрөткө комментарий берүүдө кыргыз тарап Баткен облусуна аскердик техниканы ташып жатат деген божомолду ойдон чыгарып айткан, ал эми чындыгында болсо бул сүрөт 2022-жылдын 21-22-сентябрында техниканы чек ара сызыгынан Кыргызстандын аймагын көздөй ичкери киргизип, туруктуу жайына ташып кетүүдө тартылган эле. Тажикстан чек арага канатташ аймактарында чек араны күчтөндүрүүгө болгон дээрлик бардык өзүнүн иш-аракетин Кыргызстандын чек арачыларына «оодаруу» фактысы айран таң калтырат. Алсак, 2022-жылдын 25-сентябрынан тарта тажик тарап ок атуучу позицияларды даярдап жатат: жергиликтүү калк окопторду казып, Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттик чек аранын периметрин бойлой траншеяларды казууда (видео салынды). 2022-жылдын 25-сентябрынан бери Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иш-аракетин жасап дрондор колдонулгандыгынын 10дон ашуун фактысы катталган. Дал ушул Тажик жарандары Кыргыз Республикасынын чек арага канатташ жашаган тургундарынын үйлөрүн өрттөгөнгө аракет кылышкан. 2022-жылдын 26-сентябрында чек арага жакын жерде тажик аскерлери тарабынан коюлган гранатага тажик жараны жарылгандыгы Тажикстандын аскерлери кезектеги чыр-чатак катталган учурда өз аймактарына чек арага мина коюп кире качканга даярданып жатышкандыгынан кабар берет. Жагдайды териштирүү учурунда кыргыз тараптын жарандарынын же аскерлеринин буга тиешеси бар экендиги Тажикстандын Исфана тилкеси боюнча чек ара өкүлү жана коңшу тараптын башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан аныкталган эмес. Жолугушуулар учурунда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ортодо жетишкен макулдашууларды бузушкандыгын моюнга алышып, аларды оңдоого сөз беришет, бирок иш жүзүндө сөз бергендери аткарылбай келе жаткандыгы көрүнүүдө. Биздин тажик кесиптештерибиз бизди таң калтырып келишет: эч бир кебелбей туруп фактыларды бурмалап, ал тургай кыргыз тараптын пресс-релиздерин колдонуп, болгону андагы республикалардын атын айырбаштап, «тажик» деген сөздөрдү «кыргыз» дегенге сөзгө эле алмаштырып коет. Ошону менен бирге «чек арага канатташ аймактарда жагдайды турукташтыруу үчүн жетишкен макулдашууларга кынтыксыз таянуу жана көйгөйлөрдү бир гана саясий-дипломаттык ыкмалар менен гана чечүү» деген сөздөргө жамынып алып тажик тарап ЖМКда жана социалдык тармактарда кыргыз тарапка чабуул коюуну улантып, аскерлерди жана техникаларды чек арага канатташ аймактарга ташуу жөнүндө видеону ачык жарыялап (төмөндө тиркелген) келет. Мындан тышкары, жакын арада эле милициянын аттуу-баштуу кызматкери Тажикстандын ички иштер министринин атынан аскер кийимин кийген белгисиз адамдарга мыйзамсыз иш-аракеттерге барууга жана чек арада жагдайга бүлүк салууга чакырык жасоо менен кайрылган видео жарыяланган (видео тиркелди). Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы Тажикстан Республикасынын чек арага канатташ аймактарына өздүк курам жана техника ташылып жаткандыгын, ал максатта «Тез жардам» автоунаалары колдонулуп жатканын, «Головной» суу бөлүштүрүү жергесинин тушуна Тажикстандын позицияларына жарандык автоунаалар менен ок-дарылар алынып жаткандыгын белгилейт (видео тиркелди). Жалдануучуларды даярдоо, ошондой эле курал-жарактардын кампасын даярдоо үчүн тажик тарап исламдын баалулуктарын уратуу менен мечиттерди пайдаланып жаткандыгын талашсыз айкындаган далилдер бар.

Чек арага канатташ аймактарда жагдайды турукташтыруу протоколуна кол коюлганына карабастан тажик тарап кезектеги чек ара чыр-чатакка катализатор боло турчу иш-аракеттерди жасоону улантып жаткандыгын Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы өкүнүү менен белгилейт. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы тажик тарапты кезектеги чыңалуу очогуна алып келе тургудай болгон эки өлкөнүн калкын адаштырууну, жай тургундарды мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шыкактоону токтотууга чакырат. Бүгүнкү күндө жалпы дүйнө, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан дагы эл аралык терроризм жана экстремизм деген глобалдык көйгөй менен беттешип турганда биздин жалпы милдетибиз ал чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршылык көрсөтүү болуп саналат. Жетишкен макулдашууларды аткарбоо — түздөн-түз эл аралык укуктун принциптерин бузуу болуп эсептелет. Андыктан Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы коңшулаш кесиптештерин жетишкен макулдашууларды сактоого жана кол коюлган протоколдун пункттарын аткарууга, ошону менен бирге аймактагы морт тынчтыктыкты сактап калууга чакырат.

 

1 / 3
- +

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү