Тажикстан менен Түркмөнстан достук келишимин колдошкону, бирок кийинчерээк кол коюшары айтылды

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусу аяктады. Анын жыйынтыгы Казакстандын демилгеси боюнча достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык келишиминин кабыл алынышы болду. Бирок Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов документке кол коюшкан жок.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов Борбор Азия мамлекеттеринин бардык жетекчилери бул келишимди колдоп, кол коюуга макул экенин билдирди. «Түркмөнстан менен Тажикстан Республикасы ички процедуралар аяктагандан кийин дароо келишимге кол коюуга даяр», — деп түшүндүрдү ал.

Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт, каалаган өлкө жазуу жүзүндөгү билдирүү менен андан чыга алат.