Тажикстандагы ири жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
6-август күнү кечинде Душанбе-Куляб-Хорог унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Дулон үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тормозу иштебей калгандыктан бир нече жеңил унааны жана эки турак жайды сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, 20дан ашууну жаракат алган. Окуя болгон жерге ички иштер министри, саламаттыкты сактоо министри, Хатлон облусунун башчысы жана башка жетекчилер жөнөп кетишти.