Сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган Уразбек Мирзоев аттуу Кыргыз жараны мекенине өткөрүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Уразбек Мирзоев Кыргызстанга «Кулунду-автожол» өткөрүү пункту аркылуу келген. Ишти Кыргызстандын компетенттүү органдары жүргүзүүдө.
Кечээ, 26-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынын Уразбек Мирзоев аттуу 1995-жылы туулган тургунун кармашкан. Кармалган учурда Кыргыз жараны маршруттук таксиде аялы менен Ходжент-Канибадам унаа жолунда Тажикстандын Жигдалик айылына баратканы айтылган.