Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 332 үйдүн курулушу толук бүттү, дагы 86 үй калды

Баткен облусуна иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка жана Борбордук айылдарындагы кыргыз-тажик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда бузулган турак жайлардын ордуна жаңы салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Учурда жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилээри күтүлүүдө. “Буйруса турак үйлөрдү куруу иштерин март-апрель айларында аягына чыгаралы деп жатабыз. Бул маселе президенттин түз көзөмөлүндө. Андан соң, үй эмеректерин толтуруу жагы дагы каралат”, — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, ал жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып 2023-жылдын сентябрына чейин бардык социалдык объектилер бүткөрүлөөрүн билдирди. “Бүгүн эртең бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилер башталат. Анын баары 2023-жылдын сентябрында бүтүп калат. Ал эми калган ирригация, айыл чарба иштери, завод-фабрика, ГЭСтер боюнча биринчи көңүлдү Кыргызстан боюнча Баткенге бурулат”, — деди ал.