Чек арадагы жаңжалдан ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгы жана өздүк курамынын төрт аскер кызматкери каза болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, алар ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгынын № 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери болгон. Алар:
- Улук сержант Каныбек уулу Дурус;
- Кенже сержант Баатырбеков Манас Баатырбекович;
- Улук сержант Ташбеков Ачылбек Абдибаабович;
- Катардагы жоокер Абдилабеков Айбек Авалтканович.