Тажикстандын кол салуусунан ИИМдин 4 аскер кызматкери көз жумду

Чек арадагы жаңжалдан ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгы жана өздүк курамынын төрт аскер кызматкери каза болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгынын № 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери болгон. Алар:

  1. Улук сержант Каныбек уулу Дурус;
  2. Кенже сержант Баатырбеков Манас Баатырбекович;
  3. Улук сержант Ташбеков Ачылбек Абдибаабович;
  4. Катардагы жоокер Абдилабеков Айбек Авалтканович.