Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 22 жаштагы Жеңишбек Иманбековдун сөөгү Жумгалда жерге берилет

Тажикстандын кол салуусунан 22 жаштагы аскер кызматкери Жеңишбек Иманбеков көз жумду.

Ал 2000-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Ал үй-бүлөдөгү бир туугандардын экинчиси болчу. Улуу эжеси, эки иниси жана карындашы бар. 2018-жылы мектепти бүтүп, аскерге кеткен, бир жылдан соң кызмат өтөө үчүн калган. Анын сөөгү өзү туулуп-өскөн айылында жерге берилет.