Тажикстандын кол салуусунан каза болгон прапорщик, «Бөрүнүн» жоокери Акылбек уулу Баямандын ысымы айылындагы көчөгө ыйгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын досу билдирди.
Маалыматка караганда, маркум Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл өкмөтүнүн Жапа-Салды айылында туулган. «Өз баатырларыбызды өзүбүз тааныбасак, ким барктап баалайт?» — деди ал.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунан 27 жаштагы прапорщик Акылбек уулу Баяман 17-сентябрда каза болгон. Ал 1995-жылы Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында туулган. УКМКнын «Бөрү» отрядынын жоокери болчу.