Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Акылбек уулу Баямандын ысымы айылындагы көчөгө ыйгарылды (сүрөт)

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон прапорщик, «Бөрүнүн» жоокери Акылбек уулу Баямандын ысымы айылындагы көчөгө ыйгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын досу билдирди.

Маалыматка караганда, маркум Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл өкмөтүнүн Жапа-Салды айылында туулган. «Өз баатырларыбызды өзүбүз тааныбасак, ким барктап баалайт?» — деди ал.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунан 27 жаштагы прапорщик Акылбек уулу Баяман 17-сентябрда каза болгон. Ал 1995-жылы Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында туулган. УКМКнын «Бөрү» отрядынын жоокери болчу.