Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Жалал-Абаддын төрт аскер кызматкери жерге берилди

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Жалал-Абаддын төрт аскер кызматкери жерге берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Чек ара кагылышуусунда Жалал-Абад облусунун жалпы беш аскер кызматкери курман болду. Алар Сузак районунун эки, Ноокен районунун эки, Ала-Бука районунун бир жараны болгон.

Бүгүн, 18-сентябрь күнү алып келинген төрт аскер кызматкеринин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылдарында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жакындарына көңүл айтты.