Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Мыктыбек Мурзажанов менен Айбек Ысманов «Эрдик» медалы менен сыйланды.
16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты Мыктыбек Мурзажанов кызмат ѳтѳѳ учурунда каза болгон. Ал 3 жылдан бери ИИМде иштеп келген.
Баткен шаарынын тургуну 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович чек арадагы атышууда көз жумган. Ал 2010-жылдан бери ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан. 16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы калды.