Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун саны 1 адамга көбөйдү

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактын кесепетинен 63 жаран ок атышуудан каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алардын ичинен 50 адам аскер кызматкери, 13 жай тургун. 12 жаран жол кырсыгынан каза болгон. Ал эми 195 жаран ар кандай жаракат алышкан.

Буга чейин 24-сентябрга карата маалымат беришип, Кыргызстанга Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен каза болгондордун жалпы саны 62 адамга жеткенин билдиришкен.