Тажикстандын кол салуусунан кийин бир да үйү соо калбаган Капчыгайда жаңы айыл курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду. Ал чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

«Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, анда тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек», — деди Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.