«Тажиктердин колуна түшүп калдым, белиңди бекем буу». Өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы өрттөлгөн Матиса Надировду жубайы эскерди

Баткендин чек арага чектеш Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган Матиса Надиров аттуу ишкер Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болду. Анын жубайы жана балдарынын айтымында, жеке ишкер өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы кошо өрттөлгөн. Ошол күнү “акыркы жолу телефон аркылуу сүйлөшкөндө жолдошум тажиктердин колуна тушкөнүн айтты” деп эскерет жубайы.

«Жолдошум экөөбүз балдарыбызга татыктуу тарбия бердик деп ойлойм. Баарын окутуп, жогорку билимдүү кылдык. Тажикстандын кол салуусунда Ак-Сай тургундары Рабат айылында болдук. Мен улам жолдошумдан кабар барбы деп телефонумду карап жаттым. Телефондору өчүк болуп жатты. Биз кетип жаткан учурда 50 миң тоокко орундук даярдап жаткан усталар бар эле. Аларды биз менен кошо салып, өзү жарыкты, суусун карап турайын деп калып калды. Биз насыя, патент төлөшүбүз керек болчу. Ошондо биз менен эле кетип калса болмок, бирок согуштан коркуп турса да кала берди. Мен суук кабар угам деп ойлогон эмесмин. Телефон чалышты, сүйүнүп алдым. Алсам «Айсалкын, кайраттуу бол, белиңди бекем буу, балдарды сага тапшырдым. Тажиктердин колуна түшүп калдым» деди. Акыркы кабар ошол болду, андан кийин телефонду алган жок. Эми мен белимди бекем бууйм, максаттарга жетебиз», — дейт ыйлаган жубайы.