Талас облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Кечээ 31-мартта, Талас облустук прокуратурасынын жаңыдан курулган административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, Талас облустук  прокуратура органдарынын кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана ошол аймактын жашоочулары катышты. Иш-чарада Курманкул Зулушев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттин укуктук тутумун чыңдоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары да кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулаарын билдирди.

Талас облустук прокуратурасынын эки кабаттуу административдик имараты Талас шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашып, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалды.