Талас ОИИБдин начальниги өздүк курамга тааныштырылды

Ички иштер министринин буйругу менен Талас облустук ички иштер башкармалыгына начальник болуп милициянын полковниги Азамат Токтоналиев дайындалган. Бүгүн, 11-январь күнү ал облустук ички иштер органдарынын өздүк курамына тааныштырылды.

Токтоналиев Азамат Шейшенбекович ички иштер органдарында 2000-жылдан бери эмгектенип келет. Билими жогорку юридикалык. Кызматты өспүрүмдөр менен иштөөдөн баштап, көп жылдар бою кылмыш иликтөө багытында эмгектенип, жетектөөчү кызматтарды ээлеп келүүдө.​ ​