Кечээ, 25-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Ага Талас шаарынын мэри, мэрдин биринчи орун басары жана шаар тургундары катышты.
Ошол эле учурда соцтармакта балатынын күндүзгү убакытта тартылган сүрөтүн бөлүшүп, аны «мини юбка кийип алгандай го?» деп талкууга алып жатышат.