Таласта аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди (сүрөт)

Манас районунда 50 аз камсыз үй-бүлөгө тамак-аш баштыгы таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чара Манас районунун 5 айылында ишке ашырылып, муктаж жарандардын үйлөрүнө имамдар аркылуу жеткирип берилген.

«Бул кайрымдуулук иши бизде салтка айланды. 2 жылдан ашты. Ай сайын райондун 5 айылына таркатып жатабыз. Кийинки айда башка 5 айылга таркатылат. Кайсыл айылдардын кезеги келген болсо, ошол айылдардын имамдары муктаж үй-бүлөлөргө жеткиришет. Бул сапар ар бир пакеттин баасы 2500 сомдон айланып, керектүү тамак-аштар салынды. Ай сайын 50 үй-бүлөнүн алкышын алып, садака кылып жаткан демөөрчү инсандарга ыраазычылык билдиребиз», – деди Манас районунун баш имамы.