Таласта айыл имамына жаңы үй белек кылынды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
«Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге жаңы, заманбап турак-жай салынды. Үйдү тапшыруу аземине Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек Узеналиев, айыл аксакалдары жана демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков үй-бүлөсү менен катышты. Облус казысы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге колдоо көргөзүп, турак-жай салып бергени үчүн демөөрчүгө ыракмат айтып, казыяттын атынан ыраазычылык кат тапшырды», — деп айтылат маалыматта.
Айыл имамына үй белек кылган демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков «Кудайга шүгүр, ар бир айылда эки-үчтөн мечиттерибиз бар. Эми мечитти иштетип, эл кызматын кылган имамдарга көңүл буруп, алардын жашоо шарттарын жакшырта турган мезгил келди» деп билдирди.