Таласта Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовго аргымак тартуулашты (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Таластын тургундары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовго аргымак тартуулаган видео менен бөлүшүп жатышат.

«Талас эли кыргыздын желегин желбиреткен Дүйнө чемпиондору Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовго аргымак мингизиптир. Спортчуларыбызды ушинтип эле ар дайым колдоп-коштоп, ар тараптан дем-күч берип жүрө берели», — деп жазып, видео менен бөлүшүштү.