Таласта шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон жарандар митингге чыгышты

Бүгүн, 30-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында адамдар топтолду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Мирлан Назарбековдун тарапташтары. Чогулгандар шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбаганын, шайлоодо добуш сатып алуу болгонун айтууда.

Буга чейин алдын ала жыйынтык боюнча №20 Манас шайлоо округунан парламентке Дастан Жумабеков өткөнү маалым болгон.