Таластагы ККМга каршы чыккан ишкерлер тарады

Таласта орун алган ККМга, электрондук эсеп-фактура боюнча нааразычылыгын айтып чыккан ишкерлер тарады. Бул тууралуу Талас облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 13-июнда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков көзөмөл-кассалык машина (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура боюнча каршы пикирин билдирип келген жеке ишкерлердин тобу менен жолукту. Жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Канымет Осмонбеков жана Талас шаардык, райондук салык башкармалыктарынын башчылары катышты. Ишкерлер ККМ жана электрондук эсеп-фактураны жакшы түшүнбөй жатканын айтып, мурдагыдай эле патенттик система менен иш жүргүзүү кыйла жеңил экенин белгилешти. Облус жетекчиси жана салык башкармалыктардын башчылары ишкерлердин бир нече суроолоруна жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаровдун Бишкектеги ККМ, электрондук эсеп-фактурасы боюнча каршы пикирин билдирип келген жарандарга берген убадасына ылайык, тийиштүү чечим чыкканга чейин ККМ маселеси 10 күнгө артка жылдырылды.