«Тамактын калдыгы жыттанып кеткен, бири-бирине суу куюп жуунушат…» Балдар үйүндөгү коркунуч туудурган жашоо

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери “Лотос” балдардын үй-бүлөлүк үйүндө пландуу ар тараптуу текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Бир кабаттуу имаратта 4 жаштан 16 жашка чейинки 12 жетим бала жашайт. Балдарды багуу жана тамактандыруу үчүн каражатты Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бөлүп берет. Окуучуларды эки адам: тарбиячы жана мекеменин директору көзөмөлдөйт.

«Тарбиялануучулардын жашоо шарты эч кандай санитардык талапка жооп бербейт: жарака кеткен дубалдарда илинген электр чубалгылары, тытылган туш кагаздар. Ар кайсыл жерде таштандылар жатып, бардыгы кир. Ашканада бир ай мурда жасалган тамак-аштын калдыгы жерде жатып, жагымсыз жыт турат. Жарака кеткен же кемтиги бар идиштер. Жуунуучу жердеги суу түтүктөрү жарактан чыккан. Балдардын жуунуу процедуралары кантип ишке ашырылаары тууралуу сураганымда, бир бала душта жуунуп жатканда экинчиси жогорудан суу куюп турат, анан кезектешип жуунушат деп түшүндүрүштү. Уктоочу бөлмөдөгү төшөнчү, жаздыктар эскилиги жеткен. Шейшептери да жок», — дейт өкүл.

Анын айтымында, имарат жалпысынан капиталдык оңдоого муктаж болгону менен, балдар үйүнүн администрациясы өз милдетине шалаакылык мамиле жасап, адамдык ар-намысты басмырлаган, балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

«Лотос» балдардын үй-бүлөлүк үйүнүн жетекчилигине андагы көйгөйлөрдү тез чечүү боюнча сунуштар берилди. Андагы мүчүлүштүктөр боюнча түзүлгөн материалдар тиешелүү органдарга текшерүү жана чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.