«Тамдык» чек ара заставасынын видеосу тарап, ал кыргыз тараптын көзөмөлүнө өтүп-өтпөгөнү суроо жаратты

Журналист Азамат Абсаттаров социалдык тармактагы баракчасында видео менен бөлүшүп, тажиктер тазалап жаткан “Тамдык” чек ара заставасы Кыргызстандыкы экенин жазды.

«Бул тажиктер тазалап жаткан жер “Тамдык” чек ара заставасы же блок посту эле. Кыргызстандыкы. 2016-жылы азыркы Баткендин губернатору Абдикарим Алимбаев менен барган элем. Анда Алимбаев чек ара кызматында, мен АКИпрессте иштечүмүн. Калп деп айта албайт. Видео атышуудан кийин тартылыптыр. Мен точно билем бул биздин жердеги застава болчу. Видео 2-3 күн мурда тартылышы мүмкүн. “Тамдык” заставасын бүгүнкү күндө кыргыз чек арачылары эле көзөмөлдөп жатабы? Азыр биздин аскерлер Тамдыкта барбы? Сураныч, тактоо иретинде экенин түшүнүңүздөр!» — деп жазган.

Бир нече убакыттан кийин Баткен облусунун башчысы менен сүйлөшкөнүн айтты. «Абдикарим Алимбаев менен сүйлөштүм. Видео “Тамдыкта” тартылганы чын. Губернатордун айтымында, бүгүнкү күндө толук кыргыз чек арачыларынын көзөмөлүндө. Бастырып киргендерден толук тазаланган. Бул боюнча чек ара кызматы да официалдуу маалымат берсе керек», — деди ал.